www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-майдан тартып Бишкек шаарына COVID-19га тест тапшыргандыгы тууралуу аныктамасы бар жарандарга гана кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова 4-майда онлайн-бирифингде билдирди.

«Өзгөчө абал режими алынгандан кийин Бишкек мэриясы транспорт каражаттары менен адамдардын шаарга кирүүсүнө бир катар чектөө чараларын киргизүү маселесин караштырып жатат. Алардын арасында ПЦР-анализ тапшыруу же экспресс-тесттен өтүү чаралары бар», — деди Кузнецова.

Акыркы маалыматтарга таянсак, 4-майга карата Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамга жетти. Алардын 70и дарыгерлер, 24ү милиция кызматкерлери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости