www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-майда Жогорку Кеңеште Баткендеги табигый кырсыктын кесепети тууралуу өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан жетекчиси Ибрагим Нуркун уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн короолоруна, “Арча-Бешик” бала-бакчасынын жер төлөөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел кирип кеткен. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көк-Таш унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылдарга толтурган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости