www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан Ооганстанга 500 студенттик виза берет" деген мамлекеттик саясатпы же Ташиевдин кезектеги өзүм билемдигиби?", - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.

- Айданбек агай, бири талибдерди колдойт, бири алардын бийликке келишинен кооптонот. Ооганстандагы талибдердин бийликти толук колго алышы Орто Азия үчүн коркунучтуубу?

- Талибдер түздөн-түз аскерий коркунуч туудурбайт. Алар өздөрү да Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудуруу ниети жок экенин билдиришти. Туудурган кезде да ЖККУ сыяктуу бирдиктүү коргонуу уюму бар. Талибдер айрым диний уюмдарга шыкак бериши гана мүмкүн.

- Эми алар бийликти колго алганына каниет кылабы же Борбор Азияда таасирин күчөтөбү?

- Ооган талибдери жоопкерчиликтүү саясатчылар болсо, анда алар ички саясат, экономиканы көтөрүү менен гана алек болушат.

- Кыргыз бийлиги Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин жана 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Эми алар менен кошо террористтер келип албайбы?

- Виза боюнча менде карама-каршы пикир жаралууда. Бир жагынан кандай “студенттер” же “талибдер” келип калат? Экинчи жагынан алардан акы алып окутуп, биздин окуу жайларды колдоо болот дегенге негиз бар. Анан албетте, билимге умтулган ооган жаштарына андай мүмкүнчүлүк берүү гуманитардык маселе. Эл аралык коомчулук жасап жаткан иштерден сыртта калбоо, салым кошуу.

Бирок, маселени расмий тийиштүү орган ТИМ айтып чыкса орундуу, түшүнүктүү болмок. Анын ордуна Ташиевдин көтөрүп чыкканы ар кандай карама-каршы пикирлерди жаратты. Бул мамлекеттик саясатпы же Ташиевдин кезектеги өзүм билемдигиби дегендей...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости