www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибандын чагылгандай тез жеңиши Борбордук Азиядагы саясий балансты өзгөртө турган окуя. Мындай пикирди эксперт Элмира Ногойбаева айтты. 

--"Талибан жеңди – бул күтүүсүздүк. Бир апта мурун мындайды эч ким күткөн эмес. Талибан бүгүн – бул Афганистан. Ал азыр өзүн мыйзамдаштырууга аракет кылат. Азыр көңүл Афганистанга бурулуп турат. Бул туура, бул маанилүү. Бирок мындай учурларда ички чоң өзгөрүүлөр болот. Ошондуктан биз үчүн Кыргызстанда, региондо эмне болоору маанилүү.

Мен муну геосаясый өзгөрүш, региондогу чоң оюнчулардын - Россиянын, Американын жана Кытайдын, анын ичинде, диний темага дагы байланышкан оюнчулардын - оюндарынын жаңы раунду катары карайт элем. Биз азыр кайрадан Маккиндер, Бзежинский айткан “чурайдын” так ортосунда турабыз. Азыр Борбор Азияда ошол аракеттер кайрадан башталып жатат. Чоң Борбор Азия концепциясына Монголия, Афганистан дагы кирет. Узак убак муну кабыл албагандар көп болуп келди. Бирок бүгүнкү окуялар биз анын ичинде экенибизди көрсөтүп койду", - дейт эксперт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости