www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

...Учурда «коррупция» деген сөздү аба, суу дегендей эле колдонуп калдык, анан калса коррупцияңдын жүрбөгөн, жойлобогон жери калбаптыр, деги коррупция деген эмне сөз, эмне маани?

Энциклопедиядан да, сөздүктөрдөн да, интернеттен да издедим. Коррупциянын мааниси ого эле көп экен. Бийлик башындагылардын элдин, мамлекеттин мүлкүн уурдоо (алтын, күмүш, акча, жерди, сууну пулдоо), ар кандай кырдаалдарда тигил же буюмдун баасын жогорулатып сатуу же бир иш бүтүрөөрдө алынчу пара дейби. Айтор, көп! Ал эми латынча corruptio, кыска гана “разложение”, “порча” деген маани экен. Так ушул МААНИ менин өлкөмө, коомубузга айкалышып, сасытып, чиритип, иритип атканын карасаң!

Саамга артка, нугубузга ой-саякат кылып көрсөк: дегеле менин улутум дүнүйө жыйып, байлык топтоп көрбөптүр. Качан көрсөң Көгөргөн көк менен жайнаган жердин ортосунда канаттуу куштай эркин сызып, жалаң таза абада, таза тамактанып, күлүк үстүндө күн сүрүп, тирүүлүктүн агы менен карасын көкүрөгүнө ыр кылып сактап... Шыңгыраган миң булактын күүсүн укса көңүлү көккө серпилип, тагдырына жазса чалкыган мухитти артытып, аалам кезип, чагылгандай чартылдап, туш келген кастарын кан кустуруп, тукумун улап, ЖЕР ЭНЕНИН бетинде жашап келиптир, кагылайын кыргызым!

Көчмөндөр цивилизациясы деп дүйнөгө бекеринен дүң болуптурбу..? Күн күндү кууду, кылым кылымды тууду. Жашоо–шарт өзгөрдү. Улутумдун тамырындагы шалпардай кызыл кандын структурасы да өзгөрдүбү? Генологиясы бузулдубу? Антпесе, кылымдап эңсеген азаттыгыбыз колго тийгенде...

Эгемендикке эгедер болгондо... Жогорудагы “ирүү”, “бузулуу” бизге кайдан бинаа болду? Өз өлкөсүнүн мүлкүн, байлыгын уурдоо, же сыртка ташып, келемишге бекитүү биздин кыргыздын канында бар беле? Митайым, аяр, куу, айлакер, көшөкөр, калпычы, жандими, сүткор, саткындык, дене кумар, жанкечти, ушакчы, айыңчы, уурулук, зайпаналык, эки жүздүүлүк менин баатыр, бир сөздүү улутума жат эмес беле!

Учурда бул “ооруга” чалдыкпаган майда, чоң бийлик бутагындагы бир адамды табууга болобу? Күндө, күн алыс “Баланчаев коррупцияга шектүү деп кармалды”, “Түкүнчөевди элдин мүлкүн уурдоо боюнча коррупционер деп камашты” деген маалыматтар жайнады.

Эгерим, бийлик башына келгендер нукура кыргыз болгон болсо, башка элге окшоп, “Учпас тоок, көчпөс үй” атка конбогон улуттун каны кандайча бузулуп, өз журтуна кыянаттык кылып, келемишче байлык жыйганга маш боло калды?.. Илимпоздордун аныктамасына карасак: ар бир улуттун гени кылымдарга да бузулбайт дешет. Суроолор көп...

Ушул жаман жоруктар менен тикелей күрөшүүгө бел байлаган азаматтарыбыз келди акыры. 30 жыл ичинде  канталамайга тушуккан, тонолгон, түлөгөн тайлактай жүдөгөн, арыган, ачка Кыргыз өлкөмдү жөлөйүн, тикелейин, ордунан тургузайын, өргө сүрөйүн  дегендерге күн көргөзбөй, удулу келген жерден көөлөп, каралап, этек-жеңинен тиштегилеп, үрүп, каңшылаган чөөлөр да биздин улутпу? Же ...

      Биз качан ынтымакка келебиз?

      Биз качан биригебиз?

      Биз качан эл болобуз?

      Биз качан эзелки улут болобуз?

Биз качан бирибизди бирибиз колдоп, ооп бараткан мамлекетибизге тамаша кылып карап турбай, ар тараптан жөлөшөбүз?

Менин аныктамам: Коррупция, бул түркөйлүк!..  Каалагандай чечмелей бергиле!

Меңди Мамазаирова, Кыргыз Эл акыны

Булак: NazarNews.kg

Последние новости