www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттыкка талапкер Айданбек Акматов, “мугалимдер, бюджет кызматкерлери жолугушуулардан оолактап качып жүрүшөт, бул аша чапкандык”, дейт.
-“Район бийликтери мугалим, дарыгер ж.б. кызматкерлерди шайлоого аралашпагыла деп эскертиптир. Ошондон алар чочулап, жолугушуулардан оолактап качып жүрүшөт. Эгерде бул жогорку билимдүү контингент талапкерлер менен жолугушууларга катышпаса, программасын, сөзүн укпаса, талкуулабаса, анда кандай жыйынтык болот?
Мугалимдер, бюджет кызматкерлери админстративдик ресурс катары колдонулбаш керек деген гана талап бар. Алар жолугушууларга келип, суроо берип, пикир айтканга толук укуктуу. “Чылпагын ал десе, көзүн оюп алган” саясат болбош керек! – деген пикирин жазды.
Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg