www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш кычырап, кылычын колуна кармап турган убакытта Кара-Кече участкасында жайгашкан «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын тазалоо иштери жүрүп жаткан учурда тоо көчүп кеткен. Бул тууралуу маалыматты кезекте турган кардар NazarNews агенттигине билдирди.

-- Тоо көчтү. Кудай сакта, аман болсо экен. Ошол жерде экскаватрлор турган. Ит эле болду. Килейген тоонун теңи түштү. Эл куурайт эми. Экскаватор кошо кетти. Киши-кара жок болсо экен, - дейт кардар тасмада.

Эске сала кетсек, Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы өндүргөн көмүрдүн көлөмүн жылдан-жылга көбөйтүүдө, деп айтып, «Кара-Кече» кениндеги «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына таандык борбордук тилкесиндеги иштин жүрүшү менен таанышкан учурда билдирген эле.  

«Кыргыз көмүр» ишканасына 450 миң тонна көмүр даярдоо планы бекитилген. Учурда казуу иштери кызуу жүрүүдө. План ашыгы менен ишке ашырылат деп пландалууда. Мамлекеттик ишкана 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине 600 миң тонна көмүр даярдоо планын койду. Кара алтын казуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бишкек ЖЭБине жеткире турган көмүрдүн 50 миң тоннасы даяр. Ташуу иштери план боюнча жүргүзүлүүдө», - деп белгилеген эле Доскул Бекмурзаев.

Аны менен энергетика жана өнөр жай министри техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан. Белгилей кетсек, ӨКМ азырынча жогорку маалымат тууралуу билдирүү тарата элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости