www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги саясат талдоочу Айданбек Акматов менен коомчулукту катуу талкууланып жаткан Конституция боюнча баарлаштык.
-Айданбек мырза, Конституциянын жаңы долбоору жарыяланаар замат эмнегедир коомчулукта негативдүү пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Бул Башмыйзам чындап эле эски заманды көксөгөндөй жазылыптырбы?
-Анткени долбоордо ошондой негативдүү баага татыктуу жагдайлар көп. Ал долбоордон акмакчылыктын, кошоматчылыктын, наадандыктын чеги жок экени көрүнүп турат. Кыргыз коомчулугунда конституциялык реформага муктаждык бар эле. Азыркы жоопкерсиз, аралаш системадан таза парламенттик же таза президенттик башкарууга өтүү сунуштары коюлуп келаткан. Ошондо да башкаруу системасын референдумда эл аныктап, мына ошого жараша конституция жазылыш керектиги айтылып келген.
Тилекке каршы, андай болбоду. Бийликти бир адамга каалагандай калчата турган, дөөгүрсүгөн долбоор жарыяланды. Жапаров даяр долбоорум бар деген эле, көрсө ушул долбоор экен. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев Жапаровдун долбоорунун “чачын чала-була тарап”, “чимкириктерге” силер демилгечи болосуңар деп кысымга ала колуна карматып, “чимкириктердин” атынан жарыялады.
Мына ушундай жол менен жазылган, жарыяланган долбоор коомчулуктун эң терс баасын алып жатат. Анын себептери бар. Кээ бирлерине токтолсок:
Бийлик балансы толугу менен бузулган. Президент ролу ашкере күчөтүлгөн. Парламент алсыратылган. Президенттин накта жүгүртеги боло турган, керек учурда садагага чабыла турган өкмөт башчы кызматы сакталган. Бул долбоордо Жапаров жактаган Элдик курултай да маскара болуп, ага болгону декоративдик роль ыйгарылыптыр. Президент курултай жыйынын кааласа чакырат, каалабаса чакырбай экен. Курултай президент, төраганын отчетун угуп,, жыйынтык чыгарбайт жана сунуш берет бирок талап кыла албайт экен. Бул экинчи бир жагы Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы сыяктуу, бирок жалаң президентке кошомат жасаган органга айланчудай болуп калган.
Ар бир айыл өкмөт, мекеме, түрдүү чөйрөлөрдөн келген Курултайдын жүздөгөн, мүмкүн миңдеген мүчөлөрү бюджеттин эле шору, интрига жана кошоматтын ордосу болот. Бул эми накта эле Түркмөнстандын Халк Маслахаты.
Долбоордо өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга ким жооп берери жазылып аталган эмес. Мына ушул жоопкерчилик маселеси долбоордун авторлорун куйтуланууга, эки жүздөнүүгө, соңунда мамлекеттин кызыкчылыгынан, бир адамдын кызыкчылыгын жогору коюуга алып келген.
Долбоордо президент мамлекеттин жана өкмөттүн башында турат деп жазылган. Демек, президент өкмөт башчы катары өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга түздөн-түз жооптуу болуш керек. Бирок авторлор кошоматтанып, жагалданып, ХАНга сөз тийгизбөө, чаң тийгизбөө үчүн жасакерленип, аны жоопкерчиликтен алып кетүү үчүн өлкөдөгү сциалдык-экономикалык абалга жооп берүүчүнү аташкан эмес. Анткени Президент дейин десе, Жапаров жактырбайт. Өлкөдөгү абал боюнча негативдин баарын ага тийип калат.
Мына ушул абалдан чыгуу үчүн, “сары улак” болуп садагага чабыла турган премьер-министр болумуштун кызматын да киргизип коюшкан. Мына ошол премьер-министр баарына жооп берет дейин дешсе Жапаровдун долбоорундагы өкмөттү президент башкарат деген жобосуна туура келбейт... Айла кеткенде кошоматчылар өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга жооп берүүчүнү аташкан эмес. Кайсы бийлик болбосун анын негизги милдеттеринин бири өлкөнүн экономикасын көтөрүп, калктын социалдык жыргалчылыктарын арттыруу. Ансыз бийликтин эмне кереги бар?
Кошоматчылыктын, жагалдануунун дагы өзгөчө бир өзгөчө үлгүсү долбоордун акыркы бөлүмүндө көрсөтүлгөн. 10-январдагы шайлоодо азыркы конституцияда каралгандай президент 6 жылга шайланып, 5 жылга шайлоого болбойт экен. Конституцияда ошондой жазылып калыптыр. Бирок Жапаров долбоорундагы ашка-ташкан ыйгарым-укуктар менен. Бул эмне деген тамтык? Узурпация!
-Айтмакчы, Конституция эмне үчүн кыргыз тилинде эмес, орусча жазылган?
-Тилекке каршы, бизде кыргызча ой жүгүрткөн илимпоздор, юристтер жокко эсе. Андан сырткары булар көп пункттарды орусча жазылган конституциялардан көчүрүп алышы да мүмкүн...
-Октябрь айындагы толкундоолор ушундай конституцияны жаздыруу, ушундай баш алмандыкты алып келүү үчүн болду беле деп нааразы болгондор да четтен чыга баштады. Буга эмне дейсиз?
-Октябрдагы толкундоолор, шайлоодогу мыйзам бузууларга, Президент Жээнбеков коррупционерлердин парламентти монополиялап алуусуна каршы болгон. Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып бийликти илип кеткендер парламенттин ролун жокко чыгарып, бүтүндөй бийликти монополиялап алууга умтулуп жатышат. Бул мурункудан да коркунучтуу жана опурталдуу...
Булак: NazarNews.kg