www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан улам кетирилген кемчилик жалпы шайлоо процессине көө жаап, элдин ишенимин кетирип, коом ичине бүлүк салууда. Сервер өчүп-күйгөндөн кийинки күмөн саноолорго БШК канчалык деңгээлде актанса дагы жуулбай, нааразылык күн санап көбөйүүдө. Мунун арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал экенин баарын жон териси менен сезип жатат. Мындан улам учурда кайра шайлоо өткөрүү ылайыктуу деген пикирлер арбыды.

--Сервердин өчүшү боюнча БШКнын жообуна канааттандыңызбы? Же кайра шайлоо өтүшү керекпи?

--Сервердин өчүшү шайлоо жыйынтыгына жууса кеткис так калтырган, коомчулукта чоң шек жараткан жагдай болуп калды. Сервердин өчүүсүнөн кийин пайда болгон сандар бийлик үчүн идеалдуу жыйынтык. Ташиев партиясы биринчи орунда, Жапаров партиялары экинчи, үчүнчү орунда болуп. Жапаровдун эки партиясы бириксе биринчи орун болуп калат. Кайра шайлоо өткөрүү оңой иш эмес. Эл да шайлоодон абдан тажаган. Шайлоолор көп, бирок элдин турмушунда өзгөрүү жок. Жумушсуздук, токтобогон миграция, кымбатчылык кокодон алып турат. Энергетикалык кризис какаганга муштаган болуп курчуп келатат.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости