www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге Кумтөр кениндеги пландалган киреше 3 млрд сомго аз болуп жатканы тууралуу суроого жооп берди.

Кечээ, 14-декабрда Каржы министрлиги 2020-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан республикалык бюджетке 9 млрд 618,7 млн сом түшкөнүн (9 млрд 113,7 млн сом түшөрү пландалган), ал эми 2021-жылы 11 айда 6 млрд 998,8 млн сом гана түшкөнүн билдирген.

«Бирөө стакан жарымына чейин бөксө экенин, бирөө жарымына чейин толтурулганын көрөт. Маалымат ушундай, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жана акылына жараша берет. Дайыма тиги же бул версия боюнча маалымат берүү кыйын. Каржы министри дагы бир жолу маалымат берет деп ойлойм.

Кумтөрдө баары жакшы. Эсиңердеби, ал жакты суу каптап кетти деп айтышкан. Ал суу азыр жок. Азыр 1,5 тонна сапаттуу алтын өндүрүүгө өтүштү. 12 айдын жыйынтыгы менен бардык планды аткарышат деп ойлойм», - деди Жапаров.

Ошондой эле ал Кумтөр учурда мурда төлөнбөй келген 4 пайызды төлөп баштаганын айтты.

«Мурда 13+1% болчу, андан тышкары геологиялык чалгындоо үчүн 4% төлөшмөк. Бул каражат бюджетке түшүп, эгерде компания 4%ды геологиялык чалгындоого жумшаганын далилдесе, биз аны кемитмекпиз. Бирок мындай кылышчу эмес», - деди Жапаров.

Ал Жаңы жылга чейин «Центерранын» менеджменти менен сүйлөшүүлөрдү бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Мен ушундай тапшырма алгам. Биз кыргыз жарандары ушундай ири долбоорлорду өздөрү иштете аларын далилдеп беребиз», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости