www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ташиев кол койгон протокол мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков чек ара боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеп турган мезгилде даярдалган», - деди бүгүн, 10-майда NazarNews маалымат агенттигине журналист Айданбек Акматов.
- Айданбек агай, чек араны тактоо боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге айланма жол курууга макул болгонун мактоого алгандар да, ошол эле мезгилде стратегиялык катачылыкка жол берилди деп сындагандар да пайда болду. Чырлуу маселени чечүүнүн андан башка жолу барбы?
- Ташиев кол койгон протокол мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков чек ара боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеп турган мезгилде даярдалган. Бул тууралуу маалыматтар бар. Ал протокол Атамбаев учурунда эле даяр болуп, бирок негедир кол коюлган эмес. Сооронбай Жээнбеков учурунда да кол коюлган эмес. «Жеңиш Раззаковду тажик атайын кызматтары (вербовка) өздөрүнө иштетип алган» деген сөздөр да ал протоколго кол койбоого таасир этиши ыктымал.
Бийликке келгенден кийин Ташиев чек ара маселелерин чечүүнү, анын ичинде кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү колуна алды. Ошол миссиясын аткарууда адегенде тажик тарапты омуроолоп, «Ворухту чырмап салам», «минтип салам, тигинтип салам» деп, Кыргызстандагы коррупцияга шектелгендерди коркуткандай тажик тарапка мамиле жасады. Мындай мамиле эки күндүк оор согушка алып келди. Чоң жоготуулар болду. Соңунда Ташиев мына ошо Раззаковдун протоколуна кайтып келүүгө аргасыз болду.
Бул протоколдун коркунучтуу же опурталдуу жагы биз Лейлек, Сүлүктү тарапты анклав кылганга, тажик тараптын Ворух-Кожалы коридорун алуусуна мүмкүнчүлүк берип жатканында.
Албетте, Ворух маселесин чечүүнүн башка жолу бар. Ал Кыргыз Мамлекетинин Ворух менен Кожалы каттамын камсыз кылып берүүсү. Тажик тарап жолдон каттоо укугуна ээ болуш керек. Жол жайгашкан жерге эч кандай ээ болбош керек. Коридор берилбеш керек. Жер Кыргызстандыкы бойдон калууга тийиш.
Болгону жерди пайдаланууга, жолду пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Мына ушундай жол менен маселе чечилбесе, келечекте тажиктер Ворух-Кожалы жолу өткөн жерге эгемендүүлүгүн жарыялап, ал жогоруда айтылгандай Лейлек, Сүлүктүнүн толук, Баткендин айрым айылдарынын анклавка айлануусуна алып келет.
- Демек, Кыргызстан үчүн пайдасыз протокол болсо, муну кимдер даярдашы мүмкүн?
- Биринчиден, протоколду тажик тарап жазып даярдаганы байкалат. Ошондон протоколдогу жер-суунун аттары да тажикче аталган. Экинчиден, Ворух менен Кожалы айылынын ортосундагы Кыргызстан территориясын тажик тарап тааныбай, аны «Баткен району иш жүзүндө колдонгон аймак» катары сыпаттаган жана атаган.
Демек, кыргыз тарап бул документке кол коюу менен ал жердин талашта экенин моюндагандай болууда. Ошондуктан, эгерде ушул протокол турмушка ашырылса, анда Лейлек, Сүлүктүнүн анклавка айлануу жагдайы күчөйт.
Бул эми ошол протоколдо жазылган жолдун статусун аныктоочу келишимдин кандай түзүлүшүнө жараша да болот. Протоколдо ошондой өзүнчө бир келишим түзүлөт деп белгиленген.
Булак: NazaNews.kg