www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажиктер менен кыргыздар качан достошот?

Тажик ашыналар менен отуздан ашуун адам курмандыкка кеткен жаңжал болуп өттү. Дүйнөлүк глобалдуу саясаттын алдында бул чуулгандуу окуя өтө маанилүү деле эмес. Учурда Ооганстанда кырдаал курчуп баратат. Эми Кыргызстан Тажикстан менен достошуп, биримдикте Орусия бере турган курал-жарактарды колдонуп, талибандарга каршы чек арасын чыңдаш керек. 1999-2000-жылдарды Баткенде мождахеддердин кирип келгенин унутууга болбойт. Ал кезде Орусия бизге кол шилтеп койгон.

АКШ талибандардын түбүнө жете алган жок

Ушул эле мезгилде Афганистандын борбору Кабул шаарында жардыруу болуп, каза тапкандардын саны 63гө жетти. 8-май күнү шаардагы мектептердин биринин жанында мина коюлган автоунаа жардырылып, андан кийин эки ирет ракеталык чабуул жасалган. Жардыруу окуучулар мектептен чыгып бара жатканда болгон. Көз жумгандардын көбү кыздар экени айтылды. Жардыруудан 150 адам жабыркаган. Афганистандын президенти Ашраф Гани чабуулду талибдер жасаганын айтып, аларды айыптаган. Бул кол салууга "Талибан" радикалдык кыймылы тиешеси жок экенин билдирди. Белгилей кетсек, Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп баратат. АКШ жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.

2001-жылы АКШдагы эки мунараны жардырганга да оогандык “Талибандар” күнөөлөнгөн. Ооганстандан окчун зыян тарткан АКШ, талибандардын түбүнө жетем деп бүт дүйнө менен, анын ичинде Орусия менен стратегиялык өнөктөш болгон. Биздин Кыргызстанга аскер - аба авиабазасын орноштурат. Муну Сапар Исаков менен Өмүрбек Бабанов ишкана ачып алып байысын деп ачкан эмес. Талибандардын түбүнө жетмек.

Жыйырма жыл талибандар менен күрөшүп, алардын богуна куурай сая алган жок. Эми аскерин чыгарып Борбор Азиянын мамлекеттеринин бирине жайгаштырат. Бирок кайсы мамлекетке жайгаштыра турганын айта элек. АКШ Ооганстандан чыгарган аскерлерин Борбор Азияга жайгаштыруусу мүмкүн. АКШ үчүн бир гана аскерлерге гана эмес, пилотсуз учактарын, бомбардировщиктерин жана артиллерияларында жайгаштыруусу керек. Аскерлерди жайгаштыруу үчүн мүмкүн болушунча Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери, Перс булуңундагы өлкө каралып жатканы айтылат.

АКШтын Борбордук чалгындоо кызматынын мойнуна кылмыштар илинди

2017-жылдан тарта АКШ мындай аскер болүктөрүнө америкалык аба күчтөрүнөн жардам суроого уруксат берген. Жыйынтыгында калктуу аймактардагы бомбалоонун саны көбөйдү. Укук коргоо уюму ооган өкмөтүнө кайрылып, бул сыяктуу аскер бөлүктөрдү тез арада таратууга жана иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Ооганстандагы согуш чейрек кылымдан бери токтобой келүүдө. Акыркы жылдары кырдаал туңгуюкка кептелди. Өткөн жылы Куралдуу жаңжал болуп жаткан аймактардан маалымат чогултуу долбоору (ACLED) ооган конфликтин курмандыктар саны боюнча дүйнөдөгү эң кандуу деп атаган ЦРУ Ооганстанда түзүлгөн куралдуу бөлүктөрү аскердик кылмышка тете укук бузууларга барды деп айтылат Human Rights Watch докладында. Докладдын авторлору бул аскер бөлүктөрү көтөрүлүшчүл топторго каршы күрөшүү үчүн түзүлгөнүн, шектүүлөрдү эч кандай тергөө жана соту жок эле атып салышканын жазууда. Айрым шектүүлөр болсо дайынсыз жоголгон дейт алар. Аскердик топ америкалык авиациянын жардамына таянып турган. Human Rights Watch 2017-жылдын соңунан 2019-жылдын орто ченине чейин болгон ушул сыяктуу 14 окуяны иликтеген. Би-Би-Си бул боюнча Ооганстан өкмөтүнө комментарий сурап кайрылды. Бирок азырынча жооп ала элек. Ооган атайын бөлүгүнүн адам укуктарын бузганы тууралуу сындар буга чейин БУУ жана New York Times тарабынан айтылган. ЦРУнун өкүлү Тимоти Баррет чалгындоо кызматы өзүнүн операцияларын мыйзам чегинде өткөрүп келгенин айтып, талиптер эч кандай эрежеге баш ийбей, ооган өкмөтүн колдогондорду жаманатты кылуу үчүн такай пропаганда жүргүзүп келгенин айтууда.

Human Rights Watch Ооганстан боюнча ондогон күбөлөрдү жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарын сурамжылады. Докладда ЦРУнун колдоосуна таянган ооган атайын бөлүгү укук бузганы жөнүндө 14 учур көрсөтүлөт. Атайын аскер бөлүктөрү эч кандай түндөсү үйлөргө эскертүүсүз кирип барып, кишилерди көчөгө кууп чыгып, тинтүүлөрдү өткөргөн. Жарадар болгон талиптерге жардам көрсөткөнү үчүн дарыгерлерге кол салган. Ошондой эле кармалгандарды сураксыз эле атып салганы боюнча далилдер бар дейт уюм. Айрым учурда шектүүлөр кармалгандан кийин ың-жыңсыз эле жоголуп кеткен. Адашып же такталбаган чалгын маалыматтарынан улам кармалып, курмандыкка чалынгандар болгон. Бир жагы "жергиликтүү саясий атаандаштык" дагы болгон деп көрсөтөт докладдын авторлору.

Бул сыяктуу операциялардан улам жергиликтүү тургундар арасындагы жоготуулар саны соңку эки жылда кескин өсүп кетти. Докладда белгиленгендей, ЦРУ америкалык аскер күчтөрүнөн өз алдынча антитеррордук операцияларды өткөрүп келүүдө. ЦРУ куралдуу бөлүктөрдү окутуп, машыктырып бүт Ооганстан аймагы боюнча жөнөтүп турчу. Эми аскерин чыгарып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости