www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, акчалай компенсация мамлекеттик бюджеттин резервинен төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүнөт:

• 1 миллион сом - курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө

• 100 миң сом - оор жаракат алгандарга

• 50 миң сом - жеңил жаракат алган жабырлануучуларга

• 30 миң сом - октон алган жаракатынан жеңил жаракат алган жабырлануучуларга

Жабырлануучулар соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо, алардын төлөмдөрүн алышат деп белгиленди.

Жаңжалда курман болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө күйөөсү же аялы же маркумдун ата-энесинин бири кирет.

Документте, эгерде каза болгон адам үйлөнбөсө жана ата-энеси жок болсо, анда маркум менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири компенсация алаары белгиленген.

Компенсацияны төлөө боюнча талаштуу маселелерди комиссия чечет.

Анын курамына Баткен облусунун социалдык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү администрация башчысынын орун басары, облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги жана саламаттыкты сактоо боюнча координатор кирет.

Компенсацияны алуу үчүн, каза болгондордун туугандары жана жабыркагандар жашаган жери боюнча жергиликтүү социалдык өнүгүү органдарына кайрылуусу зарыл.

Компенсация, ошондой эле чек арада болгон жаңжалдын натыйжасында жаракат алып, эки жыл ичинде каза болуп калгандарга да каралган. Мындай учурда, ага чейин алынган каражаттарды эске алуу менен мамлекет маркумдун туугандарына компенсация төлөп берет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости