www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практика борборунда 400гө чукул кызматкер эмгектенип жатат. Бул кызматкерлердин санын кыскартуудан кийинки көрсөткүч.
Райондун айрым айылдарындагы медициналык кызматкер жумуштан бошоп калганына нааразы экендигин билдиришти.
Оорукана жетекчиси Илим Бейшеналиев штаттарды кыскартуу иши 3 жыл мурда эле жасалышы керектигин айтты.
«8-апрелден баштап Ат-Башы аймактык ооруканасы менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жоюлуп, жалпы дарыгерлер практика борбору деп уюштурулду. Биз мамлекеттик мекемелер мыйзам, токтомдордун негизинде иштейбиз. 2019-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан №5233 деген буйрук чыгыптыр. Ошого жараша нормативдер иштелип чыгып, штаттар кыскарышы керек экен. Андан бери ар кандай себептер менен кыскарбай келиптир. Кызматкерлер 2 жыл мурда бул иш болоорун билишкен. Биздин күнөөбүз жок. Кыргызстан боюнча болуп жатат. Район боюнча жалпы 30 штат кыскарды. Башка райондордо 5тен ашып кетсе, кыскартуу болот. Биздин райондо медайымдар ашыкча экен», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg