www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Акылбек Жапаровдун сөзү боюнча бюджет өсүп, баары шайма-шай болуп баратат. Бирок реалдуу турмушта ал байкалбайт», - деди бүгүн, 20-январда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Айданбек Акматов.
«Акылбек Жапаровдун сөзү боюнча бюджет өсүп, баары шайма-шай болуп баратат. Бирок реалдуу турмушта ал байкалбайт. Кымбатчылык, жумушсуздук, токтобогон миграция... Баары мурункудай же андан начар. Бир гана «Кумтөрдү»бетке кармап жатышат.
Бирок, «Кумтөрдүн»андан аркы тагдыры кандай болот? Өндүрүлгөн алтын кайда жана кантип сатылып жатат? Көзөмөл кандай? Парламент да бул суроолорго жооп алалбай жатат. Мурунку чакырылыш жооп алалбай тарап кетти.
Жапаров өзү да келечегине ишенбей баары теңирден тескери кетиши мүмкүн деп отурат... Жапаровдор экономиканы көтөрүү, өстүрүү эмес, болгонун сыгып алуу стратегиясын тандап алышкан. Бул анча-мынча эффект бериши мүмкүн. Бирок келечеги болбойт», - деп белгиледи эксперт.
Булак: NazarNews.kg