www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцина бойдон түшүрүү коркунучун жогорулатабы?

Вакцина бойдон түшүрүү, ара төрөлүү же түйүлдүктүн өспөй калуу коркунучун жогорулатпайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматында айтылат.

Билдирмеге караганда, бойдон түшүп калуунун башка себептери да бар.

"Вакцинанын дары сыяктуу терс таасири болушу мүмкүн. Бирок кокус аялдын боюнан түшсө, себебин тактоо керек. Анткени аны түрдүү нерсе шартташы ыктымал. Маселен, жыныс органдарынын инфекциясы, коронавирус. Булар кош бойлуу аялдарга чоң коркунуч, бир топ кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Мындай учурда вакцинанын пайдасы тиет", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Россиянын адистери коронавируска каршы вакцина алган кош бойлуулардын арасында эч кандай кыйыр таасир байкалбаганын айтышкан.

Бирок вакцина аларда боюнда бар аялдар сөзсүз дарыгер менен кеңешүүсү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости