www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ангела Меркель эмне үчүн БУУда иштөөдөн баш тартты?

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке жеке телефон чалып, жумуш сунушунан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Меркель «өткөн аптада БУУнун Башкы катчысына телефон чалып, ага ыраазычылык билдирди жана сунушту кабыл албастыгын билдирди», — деп айтылат Меркелдин бюросунун билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелди бүткүл адамзатка пайда алып келе турган глобалдык коомдук товарлар боюнча жогорку деңгээлдеги кеңеш берүүчү органды жетектөөгө чакырганын билдирген.

Маалым болгондой, Гутерриш бул сунушту Меркелге кат жүзүндө жөнөткөн, бирок БУУ экс-канцлердин жумуш сунушун кабыл алышы күмөн болгон.

Глобалдык коомдук байлыктын алкагында БУУ, атап айтканда, глобалдык саламаттыкты, илимди, тынчтыкты, жаратылышты коргоону, дүйнөлүк экономиканы камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости