www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочу жүргүнчүнүн курмандыгы боло жаздады

Бүгүн, 18-январда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-декабрда болгон. 26 жаштагы таксист Төмөнкү Ала-Арчага алып барууну суранган адамды унаасына салган.

Айтылган дарекке баргандан кийин шектүү таксистке кол салган. Ал айдоочуну бурагыч менен бир нече жолу уруп, жабырлануучунун унаасын айдап, уюлдук телефонун алып, качып кеткен.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 202-беренесине ылайык (каракчылык) кылмыш иши козголду.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында унаа Маевка айылынан табылган. Ал эми бул кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Б.Б. Чүй ОИИБ менен Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарбынан кармалган.

Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости