www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калкты коронавируска каршы эмдөө үчүн ири каражат керек. Ал бөлүнсө, 2 айдын ичинде эмдөө башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

«Орусиянын вакцинасын алууну пландап жатабыз. Биринчи болуп өзүм жана үй-бүлөм эмдөөдөн өтөт. Андан соң дарыгерлер алышат», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, алгач 200 миң, андан соң 1 млн 200 миң доза вакцина алуу пландалууда. Сунушталган 8 вакцинанын ичинен «Pfizer» вакцинасын алуу үчүн 2 млн доллар керек. Анткени вакциналар өтө төмөнкү температурада сакталат. Ал үчүн муздаткыч сатып алуу зарыл.

Буга чейин «Pfizer» вакцинасын алган жарандар шал оорусуна чалдыккан учурлар болуп жатканы тууралуу да маалым болгон.

Февраль-март айында вирустун III толкуну күтүлүүдө. Ага министрлик, дарыгерлер даяр. 4-5 айга жете турган дары, жеке коргонуу каражаттар бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости