www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Стамбул шаарынан Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондорго тиешеси бар экени айтылып жүргөн кытайлык жаран Айеркен Саймаитинин киши колдуу болуп каза болгону маалым болду.
Көрсө, бул жаран акыркы эки жылдан бери карай Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган. Ага карата кылмыш иши 2017-жылдын июнь айында козголгон. Бул жеке ишкерди Интерполдун линиясы менен да издешкен. КР ИИМинин маалыматына таянсак, киши колдуу болгон жарандын кыргыз паспорту да болгон болушу мүмкүн.
Айэркен Саймаити эл аралык издөөдө жүргөн. Ал эртеби-кечпи акыры кармалып, Кыргызстандын тиешелүү укук коргоо органдарына кайтарылып берилмек. Ошондо ал Атамбаевдин убагында Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллардын чоо-жайын төкпөй-чачпай айтып бермек. Мындай жагдай ансыз да жакшы эмес АШАнын абалын ого бетер оорлотмок. Ушундан улам эл аралык издөөдө жүргөн Айэркен Саймаитини Атамбаевдин чөйрөсү өлтүргөнгө негиз бар деген божомол пайда болуп турат.
Негизи эле Атамбаевдин жолу кандуу жол экен. Ал бийликке кан төгүү менен келген. Контрабандалык товарларды ташыйм деп жатып, Дача СУга кулаган учактан 39 адамдын өмүрү кыйылышына себепкер болгон. Бийликтен кеткенден кийин мыйзамды тоготпой, суракка баруудан баш тартып отуруп, бир спецназдын өлүмүнө себепчи болуп калды. Эми минтип Түркияда жүргөн жеринен Айэркен Саймаити өлтүрүлүп отурат.
Дача СУдагы каргашалуу окуяга ким жооп берет же адамдар өлүп кете бериш керекпи?!
Булак: NazarNews.kg