www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттарды түйшөлткөн дин мыйзамы

Жогорку Кеӊеште мыйзамдын айрым жоболорун конституциялык принциптерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Конституциялык палата Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген адамдардын өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөр Конституциянын 20-беренесине жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылган. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Эске салсак, экинчи окуу жүрүшүндө айрым депутаттар өлкө аймагында ыйгарым укуктуу органдарда катталбаган ар кандай агымдагы көптөгөн диний борборлор, мечиттер, медреселер мыйзамсыз иштеп жатканын эске салышып, диний ынанымдарды жайылтуу иш-чараларын жергиликтүү калк менен макулдашуунун туура жагы деле бар экенин айтышкан.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстандын аймагында 3294 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын ичинде экстремисттик багыттагы 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. Ал эми 2019-жылдын ичинде 6 адам экстремисттик аракеттери үчүн камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости