www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда Айэркен Саймаитини өлтүрдү деп шектелип кармалган жарандардын жанынан  Кыргызстандын паспорту чыккан эмес жана алар өзүлөрү дагы көрсөткөн эмес. Колго түшкөн үч жарандын экөө өзүлөрүн жөн гана кыргызстандыкбыз деп тааныштырган. Бирок, паспортторун көрсөтө албай жатат.

Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Андыктан ишкердин өлүмүнө кыргызстандыктардын катыштыгы бар деген маалымат азырынча алдын ала айтылган жана бурмаланган маалымат болуп калышы мүмкүн, -дейт ведомствонун өкүлү Уланбек Дыйканбаев.

Белгилей кетсек, 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү делип Түркиянын Адана шаарында үч жаран кармалган. Алардын экөөсү Абдулла Энвер жана Хусеин Ахметалиев кыргызстандык, бирөөсү Сириянын жараны Али Исбе деген маалымат тараган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости