www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын Зимбабве өлкөсүндө акыркы үч айдын ичинде ачкачылыктан жана кургакчылыктан 105 пил каза болгон. Аталган аймактагы аба ырайынын мындай шарты  өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана калктын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. 

Төмөнкү берилген видео Гванг паркында тартылган. Видеодо пилдердин жансыз денелерин көрүүгө болот. Алар арыктап, терисинин түсү бир аз өзгөрүп кеткен.

Зимбабведеги улуттук парктардын башкармалыгынын башчысы Тинаше Фараво кырсыктын себеби бир гана кургакчылык эмес, жаныбарлдардын көптүгү да себеп болуп жаткандыгын билдирген. 
“Бул көйгөй  жаныбарлардын көбөйүп кетишинен болуп жатат.  1930-жылы ачылган парк 15 миң пилди камсыз кылыш керек болчу. Ал эми азыр 45-50 миң пил жөнүндө сөз болуп жатат”, -дейт Фараво. 

Ошондой эле Фараво парктын кызматкерлери кургакчылыктын көйгөйүн азайтуу үчүн суу издеп жатышканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости