www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандар өздөрүн Кыргызстандын жараны катары тааныштырганын Түркиянын полициясы оозеки түрдө Кыргызстандын бакшы консулдугуна маалымдаган. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Улан Дыйканбаев коомчулукка билдирди. Бактыга жараша алардын жарандыгын тастыктаган паспорту азырынча чыга элек.

Тактап айтканда Түркияда кармалган "кыргызстандык" делинип жаткан Саймаитини өлтүргөн адамдардын аттары төмөнкүчө: Abdullah Enver (Абдуллах Энвер), Hüseyin Ahmetaliyev (Хусейн Ахметалиев) жана сириялык жаран — Ali Isbeh (Али Исбех).

Аты аталган кылмышкерлерди окуя болгондон кийин Түрк полициясы тарабынан Адана шаарында колго түшүргөн. Учурда кылмышка шектүү делген эки жарандын кыргыз жарандыгы бар экендиги айтылып, каттуу талкууга алынууда.

Бирок кылмышка шектүүлөр Абдулла Энвер жана Хусеин Ахметалиев өздөрүн Кыргызстандын жараныбыз деп тааныштырганы менен, алар кытайлык уйгурлар экени да айтылууда. 

Тактап кетчү маселе, албетте социалдык тармактын колдонуучулары дүрбөлөңгө түшө турганга жүйөөлүү себеп бар. Учурда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында, «тосток» көз Тайырбек Сарпашевдин демилгеси менен паспорттон «улуту-кыргыз» деген графанын алынып салынышы коомчулукта бир топ ызы-чуу жаратканы менен жыйынтык чыккан эмес. Эми минтип кылмышкерлердин «кыргызстандык» деген паспорту бар экенине күмөн толугу менен болушу мүмкүн…

Кайрадан Саймаитиге кайта турган болсок, учурда Түркиянын жергиликтүү басылмалары Саймаитинин өлүмүн ири суммадагы акчага байланыштырып жатат. Алсак, Түркиянын жергиликтүү дагы бир басылмасы Айеркендин башка ысымы – Самет Эркин деп жазса, бизге жеткен маалыматтарга таянсак Саймаитинин оң колу жана айдоочусу  кытайлык уйгур болгон. Саймаитини буга чейин уйгурлардан чыккан экстремисттик топ менен байланыштырып келсе, анын өлүмүн чет өлкөнүн атайын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн курмандыгы деп айтылууда.

Ал эми биздин Түркиядагы кесиптештерибиз NazarNews.kg маалымат агенттигине азырынча кылмышкерлер Саймаитини эмне себептен өлтүргөндүгү жана алардын паспорту «кыргызстандык» экендиги тууралуу расмий так маалымат чыга электигин кабарлады.

Эске сала кетсек, 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарынан бизнесмен Айеркен Саимаитини атып кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгып кетиши боюнча кылмыш ишинде айтылган. Саймаити мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өнөктөшү экендиги эл арасында айтылууда. Андан сырткары Атамбаевдин Түркиядагы эң жакын өнөктөшү Ахмет Кая дагы бар. Атамбаев менен Ахмет Каянын “бизнеси” менен үй-бүлөөсүнүн карым катнашы өтө тыгыз болгон.

Баса, маркум Айеркен Саймаити Кыргызстандын Түркиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунун дипломаттык 34 CC 2902 номери тагылган Range Rover үлгүсүндөгү унаа менен жүргөн. Айдоочусу уйгур улутунда болгон.  КР ТИМи Эркин Сопоков өзү автоунаа жөнүндө эч нерсе түшүндүрө албай, тилин тишине катканын билдирди.

Жыйынтыгында 12-ноябрда КР президенти С.Жээнбеков Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулу Эркин Сопоковду кызматтан алып ыргыткан. Эркин Сопоков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын кишиси болгондуктан, баласы УКМКда иштеп жүрүп, “взятка” менен кармалса дагы жогорку жактагы атасынын “керемети”, “коңгуроонун” күчү менен кызматтык иштин уланткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости