www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күч түзүмдөрү, анын ичинен ички иштер министрлиги өлкөдөгү эң коррупциялашкан орган экендигин ар кандай сурамжылоолордун жыйынтыгы жыл сайын тастыктап келет. КМШ өлкөлөрүндө бул көнүмүш адат. Себеби, бардыгы бир системада, бир убакта калыптанып, окшош принциптер менен иштейт.
Айтсак, кечээ күнү Москвада Россиянын Москва шаары боюнча ИИМдин кадрлар кызматынын башчысы Егор Панов коррупцияга шектелип кармалган. Жогорку даражадагы полиция кызматкеринин үйүн тинтүүгө алганда, өтө көп суммадагы ар кайсы өлкөнүн акчалары чыккан. Арасында АКШ доллары, евро, 5 миңдик рублдар бар. Анын баардыгын 40 баштыкка батырууга мүмкүн болгон(!). Бул көлөм бир гана анын батирин тинтүү учурунда чыккан. Алдыда анын иш бөлмөсүн жана дачасын тинтүү пландалууда.
Булак: NazarNews.kg