www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарованын "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна берген 500 миң сому тууралуу бүгүнкү маалымат жыйын учурунда айтты. Журналисттер ал каражат кайдан алынганына кызыгышты.

"Бул сумманы бир туугандарым, Жапаровдор чогултуп берген. Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы, сүрдөдүбү, айтор, салып эле кетип калыптыр. Министрге мен ага чейин айткам, маалымат берип коюш керек эле деп. Биз 11 бир тууганбыз. Алардын бири каза болуп калган. Калган онубуз 50 миңден чогултуп, конвертке салганбыз. Баарыбыз барбайлы деп, Айгүл Жапарова гана алып кеткен", — деди президент.

Эске салсак, президент бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости