www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 2016-жылдан бери Орхан Инандыны уурдоого бир нече жолу аракет болгонун бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Биз бийликке келгенге чейин эле уурдоо аракеттери болгон экен. Декабрда го, так айта албайм, аны чакырып, аракеттер болгонун айтышкан. Ал бул тууралуу билээрин мойнуна алган. Камчыбек Ташиев аны менен сүйлөшүп, жан сакчысы жок жүрбөөнү, жок дегенде 2-3 адам жанында болушу керектигин айткан. Биздин мамлекеттик органдар тарабынан да кемчиликтер кетти, алар убагында көзөмөлдөй албады. Бирок мындай коогалаңдуу убакта, революциялар болгондо, башка өлкөлөрдө да мындай болот», - деди ал.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар Инандыны Түркияга алып келгенин билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, Инанды 2010-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Түрк тараптын айтымында, Инанды түрк жарандыгынанда баш тарткан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости