www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер шаардык медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Бүгүн кечинде Бишкек шаарына Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан медицина кызматкерлери келишет.  Эртең Баткен жана Жалал-Абад облустарынан медкызматкерлердин келиши күтүлүүдө. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.  

«Бүгүн Бишкекте дарыгерлер жана  медициналык айымдар абдан жетишпей жатканын түшүнүп турабыз. Ошондуктан аймактардан ыктыярчыларды тартуу чечими кабыл алынды. Келген ар бир кызматкер кайда жөнөтүлөрүнө карабастан, эмгек акы жана кошумча төлөм алат. Алардын жашай турган жери даяр. Эртең алар ишке киришет», - деди Премьер-министр Кубатбек Боронов. 

Жаңы орундар тууралуу айтсак, кечинде дагы 700дөн ашуун орун даяр болот. Айрым окуу жайлардын жатаканалары убактылуу ооруканага айландырылууда. Уюштуруу иштери (медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди жеткирүү) менен биргеликте медицина кызматкерлерин бөлүштүрүү жүрүүдө. 

«Бул жатаканаларда мурдагы авиабаза Гансидегидей шарт жок экени түшүнүктүү. Бирок учурда эң башкысы - бейтаптарды жаткыруу жана дарылоону баштоо болуп саналат. Жашоочулар адамдар орундуктарда же унааларда жаткан видеолорду жайылтып жатышат. Буга жол бербөө керек. Ошондуктан күн сайын аз дегенде 500дөн керебет-орун даярдоо зарыл», - деп баса көрсөттү Премьер-министр. 

Мекендештерди жерине кайтаруу иштери улантылууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына Соль-Илецк (Россия Федерациясы) шаарынан жарандарды алып кетүүгө «жашыл коридор» берүү үчүн кезектеги нота жөнөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости