www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки аймактык милиционер пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда ИИМдин ички тергөө кызматына Р.И. Биринчи Май районунун аймактык милиционерине карата чара көрүүнү суранып кайрылган. Ал кайрылган  жарандан бейбаштык фактысы боюнча маселени оң тарапка чечүү үчүн 10 миң сом талап кылган.

“Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Опузалоо” беренеси боюнча катталды. 24-февралда Биринчи Май райондун аймактык милиционерлер С.С. жана А.А. 7 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ишти ИИМдин тергөө кызматы алып барат”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости