www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы суткада Бишкек шаарында коронавирус жуккан 183 жаңы учур катталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, анын ичинен 168 учур лабораториялык жактан тастыкталган. «Алар менен байланышта болгон 239 кишини каттоого алдык. 15 кишиден пневмония аныкталды, алар менен болсо 27 адам байланышта болгон», - деди ал.

Рыскулбекова кошумчалагандай, кечээ 143 киши ооруканага кайрылган, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ал эми 40 адам амбулатордук түрдө дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости