www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өчпөс отту өчүргөн жаранды 2 саатта табышты, Айзаданы 2 күн издеп табышкан жок", - деп бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова билдирди.

"Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданы 2 күн издеп табышкан жок. Негизи издедиби же жокпу? Бул ала качуу экенин кандайча билишти? Бул жерде ИИМ жана башка жетекчилердин кызматын карап көрүү керек. Биз өлкөнү туристтик өлкө катары тааныткыбыз келет. Бирок интернетти карасак ала качуу дегенде Кыргыз өлкөсү чыгып жатат", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости