www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын жеңеси Мээрим Токтогул кызы кайын сиңдиси жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, аны ала качып кеткен бала кызга сөз айтып, сезимдерин билдирип жүргөн. Бирок кыз аны менен мамиле курган эмес.

"Эртең менен жумушка бара жаткан жеринен унаага салып кетишип, ошол бойдон таппай калдык да. Мен балдардын эч кимисин тааныбайм. Бала болсо сиңдиме сөз айтып, сүйүүсүн айтып жүрчү. Сиңдим анын сөзүн кабыл албай жүргөн. Айзада Кыргыз-Түрк "Манас" университетин жаңы эле бүтүп, эми дипломун колго алды эле. Анын мыкаачылык менен муунтуп өлтүрүлгөнүн интернеттен уктум. Мындай жаман ойлобогон үчүн ишенген жокмун. Биз милицияга ишенип табылып калар деп күтүп отура бердик. Мындан кийин бирөө дайынсыз жоголо турган болсо, милицияны карап отурбай эле биригип издешибиз керек болуп калыптыр. Видео байкоодо алып кетип бара жатканын көрүп да жакшы издебей коюшкан", - деп билдирди жеңеси көзүнө жаш алып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости