www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медицина илимдеринин доктору, профессор, М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун мурдагы директору менен маек.
- Артериалдык гипертония оорусу жашарып жатканы айтылып келет. Буга канча жаштагы адамдар кабылат жана азыр абал кандай?
- Артериалдык гипертония – кан басымдын жогорулашы. Адамдардын арасында эң кеңири тараган оорулардын бири. Инфекциялык эмес, өнөкөт илдет болуп эсептелет. Мисалы, Кыргызстанда бул оору 18 жаштан 64 жашка чейинки жарандар арасында көп кездешип, 39%ды түзөт.
Демек, жумушка жөндөмдүү ар бир үчүнчү кыргызстандык кан басымынын жогору болушунан жапа чегет. Ал эми улуу муунду ала турган болсок, 65 жаштан жогоркулар арасындагы 4 адамдын үчөөнүн кан басымы жогору. Бул көрсөткүчтү калктын санына жараша эсептесек, болжол менен республикадагы бир жарым миллион кыргызстандык бул оорудан жабыркайт.
- Бул оорунун кантип алдын алса болот?
- Башкы маселе, гипертонияга кабылган улуу муундагылар үйбүлөлүк дарыгерлер борборуна оору өтүшүп кеткенде гана кайрылганында болуп жатат. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстанда башка мамлекеттердей эле 40 жашка чейинкилер инфаркт алышып, ооруканага түшкөн учурлар көбөйдү. Алар ошол жактан биринчи жолу буга чейин эле кан басымы жогору болуп жүргөнүн билишет.
Артериалдык гипертония – инфаркттын башталышы. Ошондуктан муну жаңы башталганда аныктап, алдын алган маанилүү. Бул учурда медициналык кийлигишүүсүз айыктырууга мүмкүн. Бул – ар дайым салмакты көзөмөлдөп туруу, физикалык активдүүлүк, туура тамактануу.
Тактап айтканда, дени сак жашоо образы. Чынында сергектикке умтулуу анчалык кыйын эмес, эгерде биз ушундай жөнөкөй нерселерди күнүмдүк жашообузда колдоно турган болсок, коркунучтуу оорудан оолактап, анын алдын алабыз.
- Артериалдык гипертонияга кабылган адам өзүнө кандай кам көрүшү керек?
- Эгер кан басымы жогору экенин билген жаран дени сак жашоо образын карманса, инфаркт, инсульт, бөйрөк өнөкөт ооруларына кабылбайт. Оорунун жашарып жатканы байкалат, ошондуктан үйбүлөлүк дарыгерлер борборундагы врачтар жашоочуларды тегиз кыдырганы жакшы.
Учурда ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн кан басымын текшерүү мерчемделип жатат. Алар жумушка жарамдуу катмар, эрте эле ден-соолугу солгундап, мүмкүнчүлүгү чектелип калбашы керек. Узак жашап, социалдык жактан активдүү болушу шарт. Анан да биздин менталитеттин, жашоо образыбыздын, тамактануубуздун алкагында дарылоонун кайсы ыкмасы ылайык экенин аныктоо зарыл. Бул боюнча биздин илимпоздор атайын алгоритм иштеп чыккан.
Анда ооруканалардагы биринчи катмардагы дарыгерлер кан басымы жогору болгон жарандарга көрсөтүүчү алгачкы кадамдар этап-этабы менен көрсөтүлөт. Менимче, бул Бишкектеги, Оштогу жана алыскы аймактардагы ҮДТдагы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянуу менен даярдалган.
Айрыкча медайымдарга чоң басым жасалууда. Анткени медайымдар армиясы активдүү, алардын арасында таланттуу, адискөйлөр арбын. Мен жогоруда айткан эрежелерди мына ушундай аракетте бейтаптарга жеткирип, аларды көзөмөлдөй алабыз. Аймактарда дарыгерлердин саны аз болгону менен медайымдардын штаттык бирдиги республика боюнча жүз пайызга толук.
Учурда жогорку окуу жайларда медайымдарды дарыгерлердин жардамчысы катары дагы даярдоо жүрүп жатат. Менимче, бул дагы өз учурунда өлкөдөгү артериалдык гипертонияны көзөмөлдөөдө өзүнүн жемишин берет. Анткени, саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан 2010- 2030-жылдар аралыгында гипертониянын калк арасында таралышын 33%га кыскартуу глобалдык максаты коюлган.
Булак: Азия News гезити