www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кино-кыйноо
- Көпчүлүк сизди “Үркүн” тасмасындагы башкы каарман Салмандын образынан жакшы таанып калышты. Профессионал актёр бир роль менен чектелип калбашы керек деген сөз сиздин түшүнүңүздө...
- Профессионалдуулукка умтулган актёр, кесибин урматтап ошого бүт дитин коюп иштеген актёрго роль жаратууда чектөө жок. Бирде ханды, бирде селсаякты, бирде илим казган окумуштууну дагы бирде Гиппократтын антын ичкен доктурду аткарасың. Ошондуктан, кандай гана роль болбосун прфессионал актёр бардык ролго даяр туруусу зарыл.
- Кээ бир кесиптештериңиз өз каармандарын кызганышат экен. Сиз дагы аткарган каармандарыңызды башкалардан кызганасызбы?
- Тескерисинче. Ошол эле каарманымды башка кесиптешим аткарса кандай чыгара алды экен деп мага ошол кызык. Көрүүчүлөрдүн баасы, тетар сынчыларды сын көз-караштары мага өтө баалуу.
- Сизди айрымдары улуу залкар, кино экрандын паашасы-Сүймонкул Чокморовго окшоштурат. Личность-сиз үчүн...
- “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деп сыймыктуу жазуучубуз Абдиламит Матисаков агабыз айткандай, бул залкар талант, эң алдыңкы катарда турган киноактёр Чокморовго окшоштурушканы албетте мен үчүн чоң сыймык. Уникалдуу актёрго окшоштурса, ага карап түздөнүп калат экенсиң. Жакшы сапаттарга ээ болгонго аракет кыла баштайсың. Чокморов тарыхта бир жаралды да кете берди...Личность туурасында сурап калдыңыз, ар бир талант өзүнүн кесибине болгон сый-урматын крсөтүүдө ошол жөндөм, ошол шыгын күйөрмандарына тартууулоодо өз почерки болуу зарыл. Дүйнөгө атагы жеткен Айтматов Чыңгыз атабыз “...адамга эң кыйыны күнүгө адам болуу” деп айткандай. Таланттуу адам эң биринчи кезекте адамгерчилиги менен бийик туруусу керек. Андыктан адамдык сапатымды жоготпоом керек деген принцип менен күн кечирип келемин.
- Сизди мыкты актёр катары театр жаатта жакшы таанып калдык. Ал эми тасмада кайсы жанрда өзүңүздү сынап көргүңүз келет?
- Актёр болгон соң, мейли тасма же театрда болобу бардык жанрдан өзүмдү сынагым бар. Тек гана кызтеке жана ачык тасмаларга тартылуудан баш тартам. Калган каармандарымдын ар бирин кылдаттык менен изилдейм. Мисалга алсак, баңгинин ролун берсе, колумду чапкылап, ийнесин сайып моокум алган учурундагы абалын, көздөрүнүн карегинин чоңоюп кызарышын, денеси калчылдап, титиреп чыйрыктырган акыбалын беришим керек. Баңгизатка муктаж баңгинин образын кынтыксыз ойноп беришим керек.
- Келишимдүү актёрдун күйөрмандары да көптүр, бойдок жигитке кандай мүнөздөгү кыздар жагат болду экен?
- Өтө көп деп айтуудан алысмын, күйөрмандардын саны орто эле. Ммм...ойлондура турган суроо болду. Өң-келбет демекчи, мага табигый көрүнгөн, нукура сулуулар жагат. Жасалмалуулук кимди болбосун иренжитсе керек. Бою узун, акылкөй, көөдөнүндө ыйман уялаган, назик сындуу кыздар жагат. Жаратканым ата-энемди өз ата-энесиндей көргөн, менин кесибимди түшүнө билген, сыйлап-урматтаган кызга туш кылса деп тилек кыламын.
- Кыял менен жашайсызбы же максат мененби?
- Кыял менен кыялданып аны иш жүзүндө шарт түзүүгө максат койгон дурус. Кыялданган ойлорумду жүзөгө ашырууда максатка чек жок.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg