www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым ММКда, социалдык түйүндөрүндө Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын дарегине каралаган маалыматтарды жармаштырууга аракет кылган макалалар чыгып калып жатат.
Кызыгы, ким экени белгисиз, бетин жапкан фэйктер. Интернепега “Фейсбук” социалдык байланыш тармагында бекинип фейк болуп алгандарды “бети күйгөндөр” деп атап алышыптыр. Ошол бети күйгөндөр Жогорку соттун төрайымын маал-маалы менен жамандап турбаса, жашоосу кызыксыз болуп кетет окшойт.
Токбаева кимдин тынчын алышы мүмкүн? Куйругунда калбыры бар, элге кыянаттык кылгандардын гана. Алар өздөрүнүн кылмыштарын жаап-жашырып калуу максатында Токбаеванын дарегине ушак таратып, эптеп кызматтан кетирүүнү кыялданып жатышса керек. Себеби акыркы күндерү алдын ала президенттин аппаратынын кадрлар бөлүмүнүн башчысындай эле ар кайсы адамды түрдүү кызматтарга көрсөткен акылдуулар көбөйүп кетпедиби. Ошондой кыялкечтер Айнаш Токбаеванын ордуна кызыгып жатса керек. Бирок алардын кыялы куру гана экенин билишпейт окшойт. Орустар “мечтать не вредно” деп коет мындайды, Айнаш Токбаева эч кайда кетпейт, Жогорку соттун төрайымы катары кыргызга далай кызмат кылып, сот тордун акыйкаттуулугуна баш кез болот.. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы укук коргоо органдары, сот системасы таза болуш керек экенин айтты. Айнаш Токбаева элдин үмүтүн актап, адилеттүүлүк үчүн кызматын улантат.
Айнаш Токбаева сот системасын жакшы түшүнгөн, ак иштеп, так жашаган инсан. Мындай кадрлардын жетекчилик кызматта турганы мамлекет үчүн маанилүү.
Булак: "Фабула"