www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 22-августунда КыргызРеспубликасынынЖогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Ош областынын судьялары менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Ага Ош областынын жергиликтүү сотторунун, шаардык жана райондор аралык соттордун судьялары катышышты.

ЖыйындаТөрайым судьялардын биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыктарына баа берип, ар бир судьянын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруудагы жетишкендиктерине жана кемчиликтерине токтолду. Мындан сырткары келерки жылда колдонууга кирүүчү кодекстерди өздөштүрүү канчалык деңгээлде экендигине кызыкты.

Белгилүү болгондой, судьялар буга чейин Жогорку сот тарабынан уюштурлган атайын окутуулардан өтүшкөн. Ошондой эле бүгүнкүкүндө судьялар үчүн ыңгайлуу болуш үчүн видео сабактар тартылып, жакынкы күндөрү судьяларга берилерин Төрайым белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Айнаш Токбаева соттордун кынтыксыз жүрүм-туруму жана аппарат кызматкерлеринин тараптар менен сүйлөшүүдөгү этикасына токтолуп, кесипкөй мамилени талап кылды. Анткени, ар бир соттун иши элдин сот тутумуна болгон пикирин жаратарын кошумчалады.

Ошондой эле процессуалдык эмес кайрылууларды өз учурунда Жогорку сотко жөнөтүп, сайтка жайгаштырууну тапшырды.

Аны менен бирге сот актыларын өз убагында www.act.sot.kg сайтына жайгаштыруу зарыл экендигин айтты. Белгилүү болгондой буга чейинТөрайым тарабынан чечимдерди жайгаштырбаган 13 судьянын үстүнөн Тартип комисясына сунуш киргизилген.

Жыйындын соңунда судьяларга жаңы кодекстерди бирге отуруп, талкуулап туруу тапшырмасы берилди.

Ош областтык сотунун төрагасы Айвар Кубатов ар бир жуманын жума күнү судьялар 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү кодекстерди талкуулоо чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости