www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктургандар негизинен 18 жаштан 39 жашка чейинки калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Адис бул курактагы адамдардын көбү эл топтошкон жерлерге активдүү барарын айтып, ооругандар да муну өздөрү ырасташканын белгилеген.

"Белгилүү бир инкубациялык мезгилден кийин коомдук жайларга баруу ооруну көбөйтөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөргө ылайык, жаңы жылга даярдануу учурунда көптөгөн бейтаптар ири соода борборлоруна, базарларга, кафе, ресторандарга барып, көп конок тосуп, өздөрү да мейманга барышкан. Инкубациялык мезгил 25-декабрдан 31-декабрга чейин уланган. Биринчи төрт күндө ооругандар үйлөрүндө болуп жаңы жылды белгилеп, өздөрүнөн оорунун белгилерин байкашкан эмес. Оору өтүшүп, белгилер күчөгөндөн кийин медициналык жардам сурап кайрыла башташкан. Мониторинг бейтаптар медициналык мекемелерге ооругандан кийин 5-10 күнгө кеч кайрылганын көрсөтүүдө", — деди Акматова.

Ал коронавируска каршы вакцина алгандар оору жеңил көтөрүп жатканын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости