www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева атасына колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылык билдирип, ал эми башаламандык учурунда жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтты. Бул тууралуу анын Instagram баракчасындагы постуна шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Өлкөбүздө болгон трагедиялуу окуяларды абдан оор кабыл алдым. Бул кайгыны сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам. Бул биздин тарыхыбызда сабак болуп калсын деп тилейм. Тынч заманда адамдардын массалык түрдө каза болгону туура эмес", — деди Назарбаева.

Ошондой эле ал колдоо көрсөтүп жаткан мекендештерине ыраазычылыгын билдирди.

"Мындай оор күндөрү менин атамды колдоп жаткандарга ыраазымын. Ар кайсы аймактардан ага каттар келип жатат", — деди Назарбаева.

Бирок ал өзүнүн постуна комментарий калтыруу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон.

Эске салсак, Казакстанда 2022-жылы автотранспорт үчүн газдын литри 120 теңгеге чыккандан улам митинг башталган. Айрым аймактарда баа 50 теңгеге чейин түшкөнүнө карабай 5-январга караган түнү бир нече шаарларда элди кууп таратуучу заттар колдонулган. Митингдер тынчыбай, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялаган. Андан соң улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу ЖККУ Коопсуздук кеңешине кайрылып, уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Ага ылайык, Кыргызстандан 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Алар эртең кайтып келери айтылды.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, башаламандык учурунда Казакстанда 164 киши каза болду, алардын экөө кыргызстандыктар экени белгилүү.

Башаламандык учурунда ишканалар ишин токтотушунан улам Казакстандын экономикасы 0,8-2,5 миллиард долларга чейин жоготууларга учурашы мүмкүн экени божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости