www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлөгөн Келдибаев: «Учурдагы бийликтен казак эли тажаган»

«Учурдагы бийликтен казак эли тажаган», - деди бүгүн, 13-январда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн мырза, Казакстанда кылмышкер менен динди туу туткандар биригип кетип трагедиялуу окуя орун алдыбы?

- Казакстанда болгон нааразычылык акциялар суютулган газдын баасынын эки эсседен ашык кыматташынан чыкты.

Тагыраагы, 50 теңгеден 120 тенге чыгышы, коммуналдык төлөмдөрдүн кыматташы себеп болду. Ал эми митингдер башталгандан кийин элдик толкундоолорго жергиликтүү бийлик жана күч органдары көзөмөлүн жоготкондон кийин кылмышкерлер жана башка ар түрдүү динди кармангандар да митингге, нааразычылык акцияларга катышты.

Казакстандагы абалга негизи борбордук бийликтин буга чейин элдин үнүн укпай, нааразычылык акцияларын күч менен басып келишкени себеп болду

- Токаевдин Казакстанга 20 миң террор кирди, «Эл аралык терроризм» деп коңгуроо какканы чындыкка жакынбы?

- Касым-Жоомарт Токоаевдин Казакстанга 20 миң террор кирди дегени курулай жалаа жана чындыкка дал келбейт десек болот. Учурдагы бийликтен эл тажаган. Ошон үчүн газдын баасы түшсө да Н. Назарбаев менен К.Токаевдин кетишин талап кыла башташты.

Анткени Казакстанда 30 жылдан бери үй-бүлөөлүк башкаруу болуп келди. Казак бийлиги аны эске албай дүйнөлүк коомчулукка террористтер басып кетти деген негизсиз дооматтарды айтып жатышат. Мунун негизинде беш убак намаз окуп, сакал коюп жүргөн жарандар соттолуп кетиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости