www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пандемия башталгандан бери коронавирустун 3 жолу эпидемиологиялык жогорулоосу болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында жана 2021-жылдын июль айында коронавирустун 3 толкуну болду.
«COVID-19дун вирусу - коронавирус - башка вирустар сыяктуу эле, мутация жөндөмүнө ээ жана ал пайда болгондон бери бир нече мутациядан өткөн. Мисалы, анын британиялык, бразилиялык, орусиялык, түштүк африкалык, индиялык жана башка түрлөрү пайда болгон», - дейт адис.
Акматова белгилегендей, пандемия башталгандан бери республикада коронавирус инфекциясынын 179 миң 188 учуру катталган, анын ичинен 123 миң 385 учур лабораториялык, 55 миң 803 коронавирустун клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары.
Булак: NazarNews.kg