www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу «Интерфакс» жызат. Экинчи унаада үч адам болгон: алардын бири окуя болгон жерде, экинчиси ооруканада каза болгон, үчүнчүсүнүн абалы оор.

Ошондой эле, «Интерфакстын» өздүк булак кырсык 9-октябрда кечинде болгонун билдирет. Чоң жолдо бетме-бет кагылышкан унаалардын биринде Ксения Собчак бара жаткан. Ал эч кандай жаракат алган эмес жана кырсыктан кийин башка унаа менен кеткен.

Кийинчерээк, Сочинин Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкармалыгынын ички иштер департаментинин басма сөз кызматы «Интерфакска» билдиргендей, ишемби күнү, 9-октябрда, Сочиде жол кырсыгы катталган, бирок ал унааларда кимдер болгонун такталган эмес.

«Жол кырсыгынын кесепетинен «Фольксваген» унаасынын жүргүнчүсү каза болду. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости