www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-октябрга караган түнү Үркөр жылдыздары (Орион) аркылуу метеорит агымы өз максимумуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи билдирет.

Метеориддер агымы жыл сайын 20-октябрда башталып, 7-ноябрга чейин созулат. Алардын учканын түн ортосунан тарта таң сүргөнгө чейин түштүк-чыгыш тараптан көрүүгө болот.

Эл аралык метеордук уюмдун билдиргенине караганда, ал күнү саат сайын 20дай жылдыз учмакчы. Адатта алар артында ак түстөгү жарык калтырат. Бирок айрым учурда кызыл, көгүш же сары болушу да мүмкүн.

Бул учурда ай жаңыруу алдында тургандыктан, асман караңгы болуп, жылдыздардын учканы даана көрүнөт. Болгону булуттар тоскоолдук жаратышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости