www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстан АКШдан гуманитардык жардам алат

«Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттүн өкүлдөрү Катарда Американын делегациясы менен ооганстандыктарга гуманитардык жардам алуу жана кайрымдуулук уюмдарына көмөктөшүү боюнча макулдашты. Эки күндүк жолугушуу тууралуу Талибан тараткан маалыматта айтыларын РИА Новости жазат. Катардагы жолугушуу талиб өкмөтү үчүн алгачкы чет өлкөлүк сапар болду.

«АКШ менен Ооганстан Ислам Эмирлигинин эки күндүк сүйлөшүүсү ийгиликтүү өттү. Жолугушууда саясий маселелер кенен талкууланды. Ислам Эмирлиги Доха келишиминин толук аткарылышы - маселени чечүүнүн эң жакшы жолу деп эсептейт. Америка делегациясы оогандыктарга гуманитардык жардам көрсөтөөрүн, ошондой эле, башка кайрымдуулук уюмдарга жардам жеткирүүдө кеңсе бөлүп берээрин билдирди», — деп айтылган талибдердин билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда ооган делегациясы «гуманитардык жардам саясий маселелер менен байланышпашы керектигин» белгилеген. Мындан тышкары, делегациялар дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга күч-аракет жумшай турганын айтып, ушундай жолугушууларды дагы өткөрүп турууну макулдашты.

Эске салсак, АКШ аскерлери Ооганстанда 20 жыл тургандан кийин 2021-жылдын августунун соңунда толугу менен чыгып кетти. Август айынын башында «Талибан» кыймылы Ооганстандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан.

Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан оогандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Ооганстанда болгон АКШ аскерлери Кабул аэропортунан толук чыгып кеткен.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл ала баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости