www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнура Аскарова ИИМге тийишип калыптыр, айыбы ачылабы?

Кызык. Министр Улан Ниязбековдун өзүнө тартып турган магнити барбы ыя? Дегенибиз, Жогорку Кеңештин субай-салтаң айымдары өчүрөттөшүп эле тийишип калышат. Эми Айнура Аскарова сөйкөнүп, «Ниязбеков эмнеге Баткенге барган жок?» дейт. Маселени тереңден түшүнбөй эле суроо бергени түшүнүксүз.

Эске салсак, ИИМдин аскерлери алдын ала эле чек арага жөнөтүлгөн. Ал жерде милициянын көзөмөлү баарынан жогору турганы, коопсуздукту сактоо чаралары анализденип, иштин ырааттуулугу көрүлгөн. Жоокерлерибиз согуш башталганда бир кадам артка жылышпай, каармандыкты жаратышты.

Башта министр Улан Ниязбеков эки тараптуу маселелер боюнча Тажикстанга иш сапарга барып келген. Чек арада жаңжал чыкканда да стабилдүүлүктү орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атты. Ал ортодо ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков да коңшу өлкөнүн күч органдары менен байланышкан. Негизинен мекенди коргоодо ИИМдин ички аскерлери туруштук беришти.

Мунун баары министрдин алдын ала даярдануусу, кам көрүүсү эле. Ал эми Айнура Аскаровага жаздын келиши таасир этип атканбы, айтор, Улан мырзага эпсиз эле сөз ыргытып калыптыр. Негизи бул айым жарытылуу добуш алган эмес, шайлоочулары менен кызматташуудан алыс, мындайда депутат болуп отурууга моралдык жактан укугу жок.

Популизм менен ооруп калгандай. Эмесе, организмди кыйнабай ээн-эркин басып, эски ишмердиктерин улантпайбы? Мандатын башка татыктуу айымга эчак эле тапшырышы керек болчу...

Булак: Азия News гезити

Последние новости