www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен элинин башына түшкөн оор кырдаалга кайдыгер карабай, чын дилден көрсөткөн жардамыңыздар үчүн, ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу, «Баткен облусунда ондогон өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жараат алып, жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайсыз калды» деген кабарды ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз.

Мындан улам, кайрымдуу инсандар тарабынан «Баткен биз сени менен» деген ураан менен моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана аябай активдүү уюштурулуп жатат.

«Кыргыз эли ынтымагын, биримдигин жана берешендигин дагы бир ирет далилдеди. Бул күндөрү бизге өлкө аймагынан эле эмес, дүйнө коомчулугунан да жардамдар келип жатат. Жалпы облус элинин атынан жардам колун сунган ар бир жаранга терең ыраазычылык бидиребиз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости