www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ассоль Молдокматова президентке кеңешчи болобу?

Коомдук ишмер, Орусиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматованы интернет колдонуучулары, белгилүү инсандар Тышкы иштер министри жана Маданият министри болсо жакшы иштээрин айтып, билдирүү калтырышууда. 

--"120 депутаттын ордун 1 айым басып маселени чечип келет",  "Жаштарга үлгүлүү айым, жаман көздөн сактасын",  "Кыргыз элине кыйын күн келгенде Ассоль биринчилерден болуп жетет, төшүн кагып мактанбайт, бизге ушундай адамдар абдан керек, колдойм", "Ассоль сиз менен сыймыктанабыз", "Ассолду Жогорку кызматка барса 100 пайыз колдогондор көп", "Ал улуу кыргыз элинин сыймыгы, патриот",  "Министр палатасынын жетекчиси болуш керек, бирок депутат болбошу керек", - деп жазышкан. 

Ал эми "Жетиген" журналынын башкы редактору жана негиздөөчүсү Абдиламит Жумашев Молдокматованы "президенттин кеңешчиси" болсун деп билдирген.  

--"Тышкы иштер министри болбосо дагы, жок дегенде президентке кеңешчи болсун", - деп билдирүү калтырган. 

Аликбек Абдырахманов аттуу интернет колдонуучусу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган. 

--"Мен Ассоль айымдын кыргыз элине, мекенге кылган иштерине, аракеттерине анализ жүргүзүп, ойлонуп көрдүм. Азыр айтпасак кийин кеч болуп калат. Эгер Ассоль Молдокматова Тышкы иштер министри болуп, канча убакыт иштесе дагы Кыргызстанга чоң пайда алып келмек. Мекенибизге жакшы болот беле деген ойдомун. Бул айым абдан билимдүү, башкаларга окшоп көчөгө кыйкырып чыгып ажылдап, бийлик талашып, салпактап жүргөн саясатчылардай эмес. Тыкан, көп окуган, өзүнүн ордун билген, патриот адам. Кылган иштерин айтып, мактанып чыкпайт. Эч нерсени билбеген, чече албаган, пайдасы жок министирлерге караганда, эки эсе өйдө. Достор кандай дейсиздер? Иштей турган адам, эч кимди жамандабай, сындабай, кресло талашпай эле тынч жүрөт. Креслосуз эле карапайым элди ойлоп, коомго жардам берип, кызмат кылып келет. Ассоль Молдокматовадан чоңдорубуз үлгү алышса болмок. Өкмөткө, парламентке ушундай адамдар керек. Президентибиз командасына кошуп алса өкүнбөйт. Себеби, учурда Кыргызстандын эли ушундай адамдарга муктаж. Мекенди сүйгөн, чынчыл жана намыскөй, акылдуулар бизге керек. Эгер ушундай адамдар келсе өлкөбүз өнүгүп, экономикабыз көтөрүлмөк", - дейт окурман. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости