www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Биз борбордо турабыз. Эки кызыбыз бар. Материалдык жактан да баары тегиз. Мындай жашоого акыл токтотуп калганда баш кошкон жолдошум менен бирге жеткем. Күйѳѳм Сабыр атына заты жарашкан мүнѳзү менен менин жүрөгүмдү багындырып алган. Сабыр менен алгач таанышканда эле оор басырыктуу, токтоо, сылык мүнөзүн жактыргам. Экѳѳбүз тең ак-караны ажыратып калган кезде табышып, турмушка сүйүү эле эмес, акыл менен аттанганбыз. Баш кошкондон кийин эки кызым удаа тѳрѳлдү. Сабыр ѳзү жалгыз иштеп бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Күйѳѳмдү таң эрте ишке узатам, күн бою саат санап жолун карап күтѳм, кечинде конок күткѳндѳй жаркын маанай менен тосуп алам. Бул мага бакыт болчу. Бирок күнү бою аны сагынып күткөнүм акталбай ал келгенде шаабайым сууп отуруп калчумун. Анын келип алдына койгон тамагымды үн-сөзсүз ичип, телевизор көрүп же гезит окуп анан уйкуга кеткени мени туталантчу. Мен болсо ал келген соң шашпай тамактанып, анан үй-бүлѳ катары жай маек куруп отурууну, ага эркелөөнү кыялданып, бирок эч ага жетпей койдум. Жумуштан чарчап келди го деп аны түшүнүүгѳ аракет кылып, уктап эс алуусуна шарт түзүп бергеним менен ѳзүмчө буулугуп ыйлап да алчумун. Башка бирөөсү бар го деп ойлойт чыгарсыз, бирок мен ага жүз пайыз ишенем. Кичүүбүз чоңоюп калганда бала бакчага берип, ишке кирдим. Жолдошума ооз ачпай келгеним менен анын бул мүнөзүн өзгөрткөнгө, биздин мамилени оңдогонго аракет кылып ѳз алдымча жолдорду издеп келдим. Өзүмѳ жакшы кѳңүл буруп, формамды бир калыпта сактап, жалаң жолдошума карап кийимдин жакшысын кийип, күзгүгѳ күйѳѳм үчүн карандым. Бирок ал менин мындай аракеттериме баам салып, кызыгып да койгон жок. Анын кѳңүлүн бурдурсам деген аракетте чачымды жасатып, сулууланганымды ал аялдардын кадимки кыла жүргѳн иши катары кабыл алчу. Мындай аракеттерим үч жылдай созулуп, деги эле ѳзүм күткѳндѳй мамилеге жетпедим… Күйѳѳмдѳ болсо баары жакшы: жакшы акча табат, аялы менен кыздарын эч нерседен кем кылбайт, жакындарынан да жакшы жардамын аябай, аларга ар дайым кадырлуу. Негизгиси үйүн таза кармап, ар дайым аны сүйүп карап турган мен бармын. Бир ирет ойлонуп отуруп эркек бала төрөп берсем күйөөм кубанып, мага аял катары көңүл бурабы деп боюма бүтүрүүнү чечтим. Бул тууралуу күйөөмө айтсам: «Макул, кыздар чоңоюп, кичине болсо да сага жардам кылганга жарап калышты. Бүт шарт турат», — деп басымды жашоонун барчылыгына коюп, сезим, сүйүү тууралуу ойлонгон да жок. Күткѳнүбүз менен мен кош бойлуу боло албай жаттым. Мурда аял катары гана анын эркектик мамилесин күтсѳм, эми бала темасынан кийин анын бул милдетин эки эсе күтүп, каалап калдым. Бирок жолдошум баягы бир калыбынан жазбаганы-жазбаган болду. Ошондой күндѳрдүн биринде курбуларым менен шаардагы чоң мончолордун бирине барып эс алууну чечтик. Атайын бир күнүбүздү арнап, ал жактын болгон кызматын кѳрүүнү пландаган элек. Сулуулук кызматтарын алган соң жогорку кабаттагы караоке барга бардык. Астыңкы кабаттардан айырмасы: бул жерде атайын форма кийип кирген аялдар, эркектер аралаш жүрѳ беришет экен. Эл аз катардагы караокеде чер жазып ырдап жатканбыз. Бир маалда биздин катарга бизге жашташ 3-4 мырза келип ырдап калышты. Келгенде эле тамашалай учурашышкан. Заматта тамаша тамашага уланып, тил табышып кеттик. Алардын арасынан орто бойлуу, денеси чымыр, тармал чач жигит ѳзгѳчѳ шайыр экен. Сѳзү эмес, турушунда эле эркек катары ѳзүнѳ бекем ишенгени билинип турат. Мен тандаган ыр ага да жагарын айтып, суранбай эле жаныма катар туруп бирге ырдап калды. Ырдын ыргагына термелип турганымда ийнимден кучактап алды. Алгач чочуп, ыңгайсызданып кеткеним менен анын музыка бийиктеген сайын мени ѳзүнѳ ыктап кысып койгону чындыгында мага жагымдуу болду. Мен кѳз ирмемде канча жылдан бери күтүп жүргѳн нерсем ушундай бекем кучак экенин билдим. Биз кетерде телефонунун номерин салфеткага жазып колума карматып: “Кандай эс алганыңды, үйүңө кандай жеткениңди билдирип кой”, — деди. Каршы болбой алып койдум. Үйгѳ келип кыздарым менен алаксыгым келгени менен аны оюмдан чыгара албай кыйналдым. Күйѳѳмдүн алдында кечирилгис иш кылгансып кысынып, ѳзүмчѳ күйпѳлѳктѳп аттым. Оюмдун ага берилишин каалабай жана кыска мүнѳттѳ бейтааныш жигиттен туйган кубатты күйѳѳмдѳн тапкым келди. Бирок ал дагы деле менин ичимде болуп жаткандарды байкамак турсун, байкаса экен деп атайын кылган аракеттериме түшүнбѳй ыза кылды. Ал уктаган соң эмнегедир чечкиндүү турдум да, ашканага кирип жанагы жигитке «салам, мен жакшы жеттим. Жакшы эс ал» деген билдирүү жазып жибердим. Эртеси иште отурсам ал чалды. Тартынбай дароо телефонду кѳтѳрдүм. Акыбалымды сурап, жакшы ырдарымды билдирип, анан чайга чакырды. Чын дилимден бардым. Мени тосуп алганда эле абдан чырайлуу болуп кеткенимди айтып, жакшы комплименттер менен кубандырды. Ушул жолугушуудан кийин бат-баттан кезигип ар нерседен кеп козгоп отуруу адат болуп кетти. Биз эч кандай деле маселе чечпейбиз, бирок жеке мен аны менен жолукканда ѳзүмдү абдан жакшы сезип, анын мага болгон камкор мамилесинен ырахат алам. Бир жолку жолугушууда ал мага бир тал роза сунду. Үйгѳ алып баруу канчалык кооптуу болсо дагы жолго таштагым келбей вазага салып койдум. Бир эсе аны кѳрүнѳѳ жерге коюп күйѳѳмдүн мени кызгануусун кааладым. Жумуштан келген Сабыр бир далайга барып үйдѳ гүл турганын байкап: «Кайсы бир майрам келип калдыбы?» — деди бейкапар. Мурда камдап алган кебим жок болгондуктан шашкалактап калдым да: «Жакшы гүл экен. Сатып алдым», — дей салдым. Сабыр башка кеп козгобой ишенип калды. Анын мындай мамилеси мени бир эсе таң калдырса, бир эсе чындап жинимди келтирди. Эртеси мен ага биринчи жолу ѳзүм телефон чалдым. Ал адаттагысындай комплименттери менен кеп баштап: «Үнүңдѳн сага капалануу жарашпай турганын сезип атам, жакшы маанай табуу үчүн жолугалы», — деди. Адатта дем алыш күндѳрү үйдѳн чыкпай жалаң кыздарымды жуунтуп, тарантып, кир жуу менен алек болгон мен бүгүн эч нерсеге карабай бир күнүмдү аны менен ѳткѳрүүгѳ макул болдум. Заматта күн түштѳн ооп кайтууга убакыт келди. Ал мени жеткирип коёрун билдиргенде ансыз да күйѳѳмдүн мени тосуп чыкпасын эске алып каршы болгон жокмун. Машинасын үйдѳн обочороок токтотуп, дароо коштошуп кете албай туруп калдык. Ал мени ѳзүнѳ тартты. Анын карылуу колдоруна каршы боло алган жокмун. Түртүп салуу канчалык ыңгайлуу болуп турса да антким келген жок. Анын башкаруусу менен болуп, алсырап туруу жаныма жагып турду. Кѳз ачып жумганча бири-бирибизге оролуп, эриндерибиз чапташа кетти. Биздин бул мүнѳттѳрдү машинанын токтобой басылган сигналы бузду. Бурулуп кѳргѳн кѳзүмѳ ишенбей нес болуп калдым. Күйѳѳм! Ѳңүм кумсарып, дароо калтырап чыкканым, бизге тоскоол болгон адам ким экенин ал дароо түшүндү. Алдыда эмне болуп кетерин элестете албай туруп калганыбызда күйѳѳм машинасынан түшүп, жай басып айдоочу тарапка келди. Жанымдагы да ага тирешкендей машинанын айнегин шашпай ачты. Сабыр деги эле кебелбей туруп: «Дос, канча тыйының бар, берчи», — деп колун сунду. Ал чѳнтѳгүн сыйпалай калып бат эле тыйын кармата салды. Күйѳѳм эңкейип мени карады да, унчукпай басып кетти. Түшүп артынан жѳнѳдүм. Бутум тушалып, бүт денем калтырап, башым чыңалып бараттым. Босогого жеткеним менен кирип бара албай буйдалып тура бердим. Ичкериден кыздарымдын атасы менен учурашканы, эч нерседен санаасы жок күлкүлѳрү угулат. Канча турдум, билбейм, алардын дабышы басылганда акырын кирип бардым. Кийимимди илип, дароо күзгү алдына баруу адатым эле. Бул жолу да ошентип күзгүгѳ каранып анын бетинде скотч менен чапталып турган 3 сомдук тыйынды кѳрдүм. Эмнеге бул жерге чапталганын түшүнбѳсѳм да, ал жана күйѳѳм тигинден алып кеткен тыйын экенин билдим. Ал күнү эми кандай болорун элестете албай ашканада тиземди кучактап отуруп таң атырдым. Таң эрте турган күйѳѳм ашканага кайрылбай эле сыртка жѳнѳдү. Кийинип чыгып баратып: «Муну алчу болбо, бул сенин бааң», — деп кесе айтты да, эшикти тарс жаап жѳнѳп кетти. Менин 3 тыйын чапталган күзгүгѳ каранып келе жатканыма жыл айланып баратат. Ушунча убакыттан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп жашап келем. Күйѳѳм болсо мага жологонун биротоло токтоткон. Мен да унчуга албайм. Аны менен ошол күндѳгү ѳбүшүүдѳн ѳткѳн ишке барбаганымды түшүндүрүүгѳ аракет кылганым менен майнап чыккан жок. Мени «кет» деп да, ѳзү «кетем» да деген жок. Кыздарыбыз үчүн гана бир дасторконго отуруп, бир тѳшѳк жамынып жатканыбыз болбосо, эрди-катын катары мамиле анын оюна да келбей калгандай. Уулдуу болууну мен эми кыялданбай да калдым. Азыр күн сайын күзгүгѳ карануудан заарканып жашайм. Үйгѳ келген-кеткендердин ал тыйынга кызыгуу менен берген суроолорун жоопсуз калтырабыз. Тыйынды алып салууну ойлогонум менен андай кылсам, күйѳѳм мындан жаман кордук кѳргѳзѳбү деп корком. Күзгүгѳ каранган сайын жүзүмдү майда бырыш басып, мурунку сулуулугум жок болуп баратканын байкайм. Ансайын жаным кейип, жүрѳгүм ооруйт. Кыздарым али кичине, алардын алдыдагы жакшылыктарын кѳргѳнгѳ жетер бекем деп да ойлоп кетем. Мендеги бул маселелердин жаралышына күйѳѳм чоң себепкер экени сизге белгилүү болду го, окурман. Бирок ал мени бир жактуу күнѳѳлѳп келет. Мен эми ажырашып кетүүм керекпи? Андай чечимиме Сабыр жол бербей коюшу толук мүмкүн. Анда ушундай убайым менен жашай берүү мага зарылбы?..

Булак: "Lady.kg"

Последние новости