www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калктын аярлуу катмарына тезинен жардам берип, чараларды кѳрүү керек. Мындай пикирди Жогорку Кенештин депутаты Айнура Осмонова бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйында айтты.
Анда депутат Айнура Осмонова өлкөдө жумушсуздук күч алып, тамак-аш азыктарына баалардын кескин көтөрүлүп жатканын, ага жол бербөөнүн чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи.
--"Азык түлүктөргө баалардын көтөрүлүүсү элдин жашоосуна терс таасирин тийгизүүдө. Өзгөчө калктын аярлуу катмарына. Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 3 млн. 200 миң адам аярлуу катмарга кирет. Ошол себептен кыргыз өкмөтү башка өлкөлөрдөй эле калктын бул катмарына тезинен жардам көрсөтүүсү зарыл. Пландуу иш-чараларды иштеп чыгып, жумуш шарттары кескин начарлап кеткендердин эсебин чыгаруу керек. Ата-энеси иштебей калгандарды, жалгыз бой аялдарды, кары адамдардын саны эсептеп чыгылып, ошого жараша иштеп алып барылуусу кажет", - деди эл өкүлү.
Ошону менен бирге депутат кымбаттоолор орун алып жаткан чакта азык түлүктөрдү сырттан алып келбестен, атамекендик өндүрүшчүлѳрдү колдоо аркылуу бааларды турукташтыруу зарылдыгын айтты.
-- "Мисалы, өкмөт Жалал-Абаддагы май заводун ишке киргизиши керек. Завод иштей баштаса, 500 адам жумушчу орду менен камсыз болуп, жылына бюджетке 600 млн. сом салыктык киреше түшмѳк. Экономиканы көтөрөбүз десек, өзүбүздө иштебей турган ишкана, заводдорду ишке киргизип, мамлекеттин буюртмасы менен продукцияларды чыгарууну колго алуу зарыл. Ансыз өлкѳнүн экономикасы эч качан өнүкпөйт, импортко көз каранды бойдон кала берет", - деп кошумчалады Осмонова.
Булак: NazarNews.kg