www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзия: Азимбек Бекназаров Жаркын Темирбаевага көңүл айтты

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров, белгилүү журналист Жаркын Темирбаеванын "Жаркындын жаркын элесине..." деген аталыштагы эскерүүсүн жазды.

--2002-жыл. Кеч күз… Акаев менен Аксылыктардын тиреши Бишкекке жеткен мезгил. Акаевдин каардуу заманынын дежурлору баш болушуп, милиция кызматкерлери овчарка иттери менен Бишкектин ар кайсы көчөлөрүнөн, жоолук салынган кыз келиндер менен калпак кийген, колунда баштыгы бар адам көрсө эле, «Аксылык» - деп, көчөмө-көчө  кууп жүрүп кармашып, улам Бишкек ШИИБнин Убактылуу кармоочу жайына жеткирип жатышты. «БОМЖдарды» кармоочу жайдын ичинде орун жок. Аксылыктар жана аларды колдошкондор, Аксылык деп, адашып кармалган элеттик башка адамдар да, Аксылыктарды колдошуп, «Акаев кетсин» - деген талаптан кайтышпайт. Бийлик болсо ал жайга эч кимди, ал түгүл Аксынын депутаты баш болгон жоон топ депутаттарды да, жакын жолотпойт. Ангыча ал жайдын эшиги «бака-шака» түшүп ачылып, ичкериден Жаркыныбыз жаркылдап чыга келсе...

Көрсө, шаарда Аксылыктар менен кошо жүргөн ал да кармалып жеткирилген экен. Өзүнүн кесиптик ишин бүткүчө Азаттыктын журналисти экенин айтпаптыр. Эки саат өтпөй «Азаттыктын» кечки берүүсүнөн Аксылыктар камалган жайдын ичинен уюштурулган атайын берүү жаңырып, «Аксылык» - деп жөн эле көчөдө бара жаткан жерден мыйзамсыз кармалган жүздөгөн адамдар камакта бар экени алардын үнүнөн бери чыгарылып, акырында ошол жайдын ичиндеги кармалгандардын «Жерин саткан, элин аткан Акаев кетсин» деген кыйкыруулар менен берүү аяктады. Ошентип, Аксылыктар камакта жатса да, сынбаганын, Аксы окуясынын башынан аягына чейин, Аксылыктардын арасында эл менен кошо жөө жүрсө жөө жүрүп, ачка калса ачка калып, эл сүйүнсө кошо сүйүнгөн ыйласа кошо ыйлаган Жаркыныбыз бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу жарыялап жиберди. Аргасы кеткен Акаевдин бийлиги Аксылыктарды ондогон автобустарга жүктөп, Аксыга депортация кылууга, ал эми аларды колдошуп же адашып кармалгандарды чыгарууга аргасыз болду.

2000-жыл. Покровкадагы катуу режимдеги түрмөнүн жолугушуулар берилчү кабылдамасы. Ал жерде түйүнчөгүн кармап, Топчукемдин (Тургуналиев) байбичеси 3 сааттан бери олтурат. Ангыча ички эшик ачылып, ал жактан жаркылдап «Азаттыктын» Жаркыны чыгат. «Эже кечирип коёсуз, мен сизмин деп, Топчукеме кирип чыктым, интервьюсу зарыл керек эле» - дейт. Жеңебиз: «Кокуй сен белең, Топчубектин «свиданкасы» бүттү бир аял үстүндө дешип, мени киргизишпей жатканынан кандай аял экен, көрөйүн деп олтургам, көгөрүп кетпей» - дешип күлүп калышты.

Эч ким кире албаган, эч ким бара албаган жерге барып, кирип, «президентке курал менен кол салууну уюштурган» Топчубектей «өзгөчө коркунучтуу рецидивисттен» да, катуу режимде экенине карабай интервьюларды ала алган баатыр мүнөз, айлакер, чыныгы кесипкөй, жаркылдаган жайдары, замандашым Жаркындын элесин, өзүм билген жогорудагы эки эпизод менен жалпы элге угуза эскерүүнү туура көрдүм. Кош Жаркын, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Башкасын билбейм, бирок миңдеген Аксылыктардын эсинде түбөлүк жашаарыңызды билем, топурак сала албаганыма кейийм. Жаркындын жакындарына терең көңүл айтам, кайгыңарды тең бөлүшөм, деп эскерет Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости