www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Осмонова күйүүчү майлардын баасы боюнча мониторинг кылуу керектигин айтты.
"Май куючу жайларда күйүүчү майлардын баасы кымбат. Бул боюнча мониторинг кылган кызмат барбы?" - деп сурады депутат.
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев баа кандайдыр бир кыска мөөнөттө өсүп же түшүп кетсе реакция кылына турганын айтты.
Депутат: "Дүйнө жүзүндө күйүүчү майдын баасы төмөндөдү. Май куючу жайларда күйүүчү майдын баасы кымбат болуп жатат. Мониторинг кылып жыйынтык чыгарыш керек. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ишин көрсөтө алган жок. Ушундай кызмат керекпи?" - дейт.
Булак: NazarNews.kg